ДЭР Борбордук банкы республика боюнча өзүнүн 50 бөлүмүн ачты

© Sputnik / Игорь Маслов / Медиабанкка өтүүДонецк шаары, Киров району
Донецк шаары, Киров району - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Республиканын каржы министринин орун басары Оксана Тарандын айтымында, азыр Борбордук банктын бөлүмдөрү балдардын жана пенсиядагылардын жөлөк пулун төлөп берүү менен, ошондой эле ишканаларды тейлөө менен алек.

БИШКЕК, 4 дек — Sputnik. Өз алдынча жарыяланган Донецк Элдик Республикасынын Борбордук банкы бүтүндөй республика боюнча өзүнүн 50 бөлүмүн ачты жана дагы 15ти ачууга даярданууда деп билдирет РИА Новости, республиканын каржы министринин орун басары Оксана Таранга шилтеме берүү менен.

"Жер-жерлерде банктын 50 чакты бөлүмү ачылды. Анын ичинде Донецкинин бардык райондорунда да. Эми дагы 15и ачылганы жатат", — деп билдирди Таран.

Донецкиде артиллериялык ок атуулар уланууда, 14 адам жаракат алды
Анын айтымында, азыр Борбордук банктын бөлүмдөрү балдардын жана пенсиядагылардын жөлөк пулун төлөп берүү жана ишканаларды тейлөө менен алек.

Каржы министринин орун басары аталган банк эсептерди ача тургандыгын, б.а. республика менен кызматташууну каалаган ишканалар республикада кайра каттоодон өтүп, өз эсептерин ача алышарын белгиледи.

Анын маалыматы боюнча, ошондон кийин фирмалар республиканын ичинде өздөрү сыяктуу эле ишканалар менен накталай жана накталай эмес эсеп жүргүзө алышат.

"Азырынча республиканын чегинен сырткары эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк жок", — деди Таран.

ДЭР Республикалык борбордук банкынын ачылышы тууралуу Украина бийлиги бул өлкөнүн Улуттук банкы менен казыначылыгынын ишин элдик ыктыярчылар ээлеген аймакта токтоткондон кийин жарыяланган.

ДЭР Борбордук банкынын өз алдынча жарыяланган республиканын бир катар райондорунда жана Донецкиде бир нече бөлүмдөрү бар. Банк аркылуу ДЭРдин бюджетине ишкерлердин салыктарын топтооо иши да, пенсиялар менен социалдык жөлөк пулдар төлөө иши да жүргүзүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0