15:37 09 Бештин айы 2016
Түз эфир
В.Путин на саммите АТЭС

Обама адам өлтүргөн полициянын акталышын прокурор менен талкуулады

© Sputnik / Сергей Гунеев
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
7 0 0

Нью-Йорктогу сот буга чейин куралсыз кара терилүү эркекти кармоо учурунда муунтуп салган полиция кызматкери Дэниэл Панталеого айып таккан эмес болчу.

БИШКЕК, 4-дек — Sputnik. АКШ Президенти Барак Обама башкы прокурор Эрик Холдер менен Нью-Йорк сотунун сот арачылары афроамерикалыктын өлүмү жөнүндөгү дагы бир резонанстык иш боюнча маектешти, деп билдирет РИА Новости.

Буга чейин Фергюсондогу сот арачылары (Миссури штаты) 9-августта аны менен кармаша кеткен кара терилүү өспүрүм Майкл Браунду атып салган полицейский Даррен Уилсонду актап жиберишкен. Фергюсондогу соттун чечиминен кийин башка шаарларда да массалык нааразычылыктар күчөп кеткен. Шаршембиде Нью-Йорктогу сот куралсыз кара терилүү эркекти кармоо учурунда муунтуп салган полицейский Дэниэл Панталеого айып таккан жок. 

"Ал (Обама) башкы прокурор Эрик Холдер менен Эрик Гарнердин өлүмүнүн жагдайларын жана полицейскийге айып такпоо жөнүндөгү чечимди талкуулады ", — деп айтылат Ак үйдүн басма сөз кызматынын билдирүүсүндө. 

Обама адатта "иштер аягына чыкмайынча комментарий бербей тургандыгын", бирок, бул инцидент "биз өткөн жумада, айда, жылда, ондогон жылдарда" талкуулап келаткан көйгөйдү эске салды" деп айтты. 

Июль айында курамында Панталео болгон полицейскийлердин тобу көчөдөн афроамерикалык Эрик Гарнерди мыйзамсыз тамеки сатып жатат деген шек менен токтоткон. Кармоо учурунда Панталео Гарнерди мойнунан бурап, катуу кайрып койгондуктан, афроамерикалык астмасы бар экендигин айта албай калган. Кийинчерээк 43 жаштагы Гарнер ооруканада көз жумган. ЖМК маалыматы боюнча, анын алты баласы бар болчу. Куралсыз афроамерикалыктын полицейский тарабынан өлтүрүлүшү нааразычылыктарды жаратты.

Тема боюнча

Фергюсондогу башаламандыктардан кийин кеминде үч өрт чыкты
Нью-Йоркто Фергюсон сотунун чечимине каршы толкундоо жүрүп жатат
Фергюсондо нааразы эл дүкөндөрдү өрттөдү, ага полиция кийлигишкен жок
Даррен Уилсон өзүнүн жасагандарын туура деп эсептейт
Фергюсонду наразылык толкуну каптап, Улуттук гвардия шаарды күзөтүүдө
БУУ АКШ полициясынын улуттук азчылыктарга мамилесине тынчсызданууда
Обама "Фергюсонду" эки тарап менен маңдай-тескей отуруп талкуулайт
Белгилер:
Даррен Уилсон, Эрик Гарнер, Дэниэл Панталео, Майкл Браун, Эрик Холдер, Барак Обама, Фергюсон, АКШ, Нью-Йорк

ЭҢ МААНИЛҮҮ