Михаэль Хармс: РФтен санкциялар этап менен алынышы мүмкүн

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүАрхив: Евросюздун жана Германиянын байрактары
Архив: Евросюздун жана Германиянын байрактары - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биринчи даражадагы санкциялар март айында, үчүнчү даражадагылары июнь айында алынышы мүмкүн деп эсептейт Россиялык-германиялык тышкы соода платасынын башкармалыгынын төрагасы Михаэль Хармс.

БИШКЕК, 26-ноя — Sputnik. Россиялык-германиялык тышкы соода платасынын (ТСП) башкармалыгынын төрагасы Михаэль Хармс Батыштын РФке каршы киргизген санкциялары март айынан тартып этап менен алынарын божомолдойт, — деп жазат РИА Новости.

"Менин божомолум бүгүнкү күндө бизде бар фактыларга негизделген: санкциялар этап менен алынат, биринчи даражадагы санкциялар – март айында, үчүнчү даражадагылары – июнь айында алынат. Эгер айкын начарлоолор болбосо жана кво-статусу сакталбаса,санкциялар сөзсүз узартыларын мен элестете албайм", — деди ал Москвада болгон басма сөз жыйынында.

2014-жылдын 17-марттан тартып Европа биримдиги Россияга каршы санкциялардын тогуз пакетин кабыл алган. Жеке чектөөлөргө 23 юридикалык тарап жана 119 адам дуушар болду. Андан тышкары, Россиянын энергетикалык, каржы жана коргонуу тармактарына карата реструктивдүү чаралар колдонулган. Август айында Россия буга жооп кылып, ага каршы санкцияларды киргизген өлкөлөргө: АКШга, Канадага, Австралияга жана Норвегияга карата азык-түлүк товарлардын импортуна чектөөлөрдү киргизген.

АКШ жана Европа биримдиги россиялык саясатчылар менен ишкерлерге каршы санкцияларды кантип киргизишти.

АКШ жана Европа биримдиги Крымдын Россияга кошулушун таанышпайт жана Москваны Украинанын ишине кийлигишкендиги үчүн күнөөлөп жатат. Россия муну мойнуна албайт жана мындай айыптоолорду орунсуз деп эсептейт. Батыш өлкөлөрү март айынан бери россиялык бир катар саясатчыларга, ишкерлерге жана компанияларга каршы бир нече жолу санкцияларды киргизишип, чектөөчү чараларды дагы кеңейтебиз деп коркутушкан. Акыркы жолу мындай санкциялар сентябрь айында киргизилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0