02:12 08 Бештин айы 2016
Түз эфир
Ярмарка местных сельхозпроизводителей на Центральной площади Калининграда

Серепчи: жыл ичинде Украинада азык-түлүк импорту бир кыйла түшүп кетти

© Sputnik / Игорь Зарембо
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
10 0 0

Экономика жаатындагы адистер Украинанын базарларында импорттун көрсөткүчү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда төмөндөп бара жаткандыгын жана ал 2014-жылдын аягына чейин дагы 10%га азаюусу мүмкүндүгүн айтышууда.

БИШКЕК, 24-ноя — Sputnik. Эт жана эт азыктарынын импорту 37%га төмөндөдү деп билдирген Экспортчулар жана импортчулар ассоциациясынын жетекчиси Николай Ларин. Бул маалыматты РИА Новости 24 каналына таянып билдирди. 

Адис быйылкы жылдын январь-август айларындагы маалыматтарды келтирип, аларды 2013-жылдын аталган мезгил ичиндеги көрсөткүчтөрүнө салыштырып берген. 

"Өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырсак, Украинага келчү импорттун саны 24%дан да көп азайган. Товарлардын бардык түрлөрү боюнча төмөндөөлөр байкалат, ал эми өсүш жокко эсе. Сырттан келген эт 37%, жыгач жана өсүмдүктөрдүкү 53%, мөмө азыктары менен жаңгактар 53%, май азыктары 12%, какао жана андан алынчу азыктар 12%, органикалык эмес химия, тиричиликте колдонулчу химиялык заттар, анын ичинде дары-дармек 11%, кездеме 30%дан ашык түшкөн, ал эми бут кийимдин импорту таптакыр эле азайып, 51%ды түзүп калган калган", — деп билдирди Ларин.

"Согуш аракеттери жүрүп жаткандыгын, ага кошумча валютаны, дагы кылмыштуулукту эске алганда импорт дагы түшөт жана бул тенденция андан ары улана берет, анын төмөндөшүн жайлата турган жагдай азырынча жок", — деп белгиледи Ларин.

Серепчи мындан сырткары жылдын аягына чейин Украинанын базарларында импорттун көрсөткүчү дагы 10%га түшүүсү мүмкүндүгүн билдирди.

Белгилер:
Николай Ларин, Украина, Айыл чарба

ЭҢ МААНИЛҮҮ