07:58 04 Бештин айы 2016
Түз эфир
В.Путин принял верительные грамоты у послов иностранных государств

Жон Теффт: ИМге каршы күрөштө Россия, АКШ тыгыз кызматташуусу керек

© Sputnik / Михаил Климентьев
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
17 0 0

Аталган маселе боюнча өлкөлөрдүн биргелешкен күч-аракеттери эки тараптын тең кызыкчылыгына жооп бере тургандай жакшы натыйжаларды бере алат деп белгиледи АКШнын Россиядагы жаңы элчиси.

БИШКЕК, 24-ноя — Sputnik. Америка Кошмо Штаттарынын Россиядагы жаңы элчиси Жон Теффт Сириядагы "Ислам мамлекетине" каршы күрөштө Россия менен АКШ көбүрөөк кызматташуусу керек деп эсептейт.

Бул маселе боюнча өлкөлөрдүн биргелешип жасаган иштери эки тараптын тең кызыкчылыгына жооп бере тургандай жакшы натыйжаларды бере алат деп белгиледи АКШнын Россиядагы жаңы элчиси

"Менин жеке пикирим, сиздер менен Жакынкы Чыгыш боюнча көбүрөөк кызматташууну каалайм", — деди Теффт. Бул туурасында РИА Новости "Коммерсант" гезитине берген маегине шилтеме кылып билдирди.

"Биз чет элдик жалданма согушкерлердин маселесинин үстүндө иш алып барсак дейм. Себеби, алар эртедир-кечтир өз өлкөлөрүнө кайтып келишет, мунун арты жакшылык менен бүтпөйт", — деп тактады элчи Теффт.

"Ислам мамлекети" террористтик уюму Сириянын аймагындагы аракеттери учурунда күч алды. Аталган өлкөдө ИМ өкмөттүк күчтөргө каршы күрөшүп, эң ырайымсыз деген атка конгон. Согушчандардын аракеттеринин кесепетинен бир нече миң карапайым тургундар каза болуп, жүз миңдери качкындарга айланышты жана дагы бир нече миңи барымтада жатат. АКШ бир нече шериктеш, анын ичинде Араб өлкөлөрүнүн колдоосу менен 23-сентябрда "Ислам мамлекетинин" Сириядагы жайгашкан жерлерине абадан сокку урууларды баштаган, мындай операция август айынан тартып Иракта да жүрүп жатат.

"Ислам мамлекети" террористтик тобу туурасында кенен маалыматты Sputnik даярдаган инфографикадан көрсөңүздөр болот >>

Исламское государство (кырг)
"Исламское государство" (кырг)
Белгилер:
Жон Теффт, Ислам мамлекети, Терроризм, Россия, Сирия, АКШ

ЭҢ МААНИЛҮҮ