12:04 04 Бештин айы 2016
Түз эфир
Бойцы батальона “Азов” приняли присягу в Киеве перед отправкой на Донбасс

Украина жана АКШ Россиянын неонацизмге каршы резолюциясын колдободу

Александр Максименко
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
7 0 0

БУУнун Башкы ассамблеясынын үчүнчү комитети Россиянын демилгеси менен нацизмди даңазалоого каршы күрөш боюнча резолюцияны кабыл алды.Үч өлкө – АКШ, Украина жана Канада каршы добуш беришти.

БИШКЕК, 20-ноя — Sputnik. Россиянын демилгеси менен нацизмди даңазалоого каршы күрөш боюнча резолюция БУУнун (Бириккен Улуттар Уюмунун) Башкы ассамблеясынын үчүнчү комитети тарабынан кабыл алынды, үч өлкө гана – АКШ, Украина жана Канада каршы болушту деп билдирди РИА Новости.

Анда115 мамлекет макулдугун билдирсе, 55 өлкө, анын ичинде Европа биримдигинин өлкөлөрү калыс добуштарын беришти.

БУУнун Башкы Ассамблеясынын мүчөлөрүнүн резолюциясында "Ваффен СС" уюмунун мурдагы мүчөлөрүн, неонацизмди, нацисттик кыймылдарды даңазалап, аны менен катар эстеликтерди, мемориалдарды тургузуп жана элдин алдына чыгып ар кыл демонстрацияларды уюштуруу аларды терең тынчсыздандырып" жаткандыгын айтылган. 

Андан сырткары, резолюцияда фашизмге колдоо көрсөткөндөрдү улуттук-боштондук кыймылынын катышуучулары деп жарыяланышы жана Холокостту тануучулук сынга алынат. 

Резолюция "дүйнө боюнча расисттик маанайдагы окуялардын болуп жатышын, анын ичинде аталган окуялардын көпчүлүгүнө, о.э. расисттик жана ксенофобиялык негиздеги зомбулуктардын күч алышына жооптуу болгон "такыр баштардын" топторунун жанданышын тынчсыздануу менен белгилейт".

Белгилер:
Канада, Украина, Ваффен СС, Нацизм, БУУ

ЭҢ МААНИЛҮҮ