Ак Үй: Россияга каршы санкциялардын саясий таасири болгон жок

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүАрхив: Вашингтон шаары
Архив: Вашингтон шаары - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ак Үй "Европалыктар менен биргелешип аракет кылганда" натыйжа жакшы болорун эске алып, санцияларды катуулатуу боюнча болгон мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу ниетинде.

Бишкек, 21-ноя — Sputnik. АКШ администрациясынын аттуу-баштуу өкүлү Россияга каршы кабыл алынган санкциялар экономикага гана таасирин тийгизгени болбосо, азырынча саясий жактан эч кандай натыйжа берген жок деп эсептээрин айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Ал журналисттерге "Биз европалыктар менен чогуу киргизген санкциялар Россия үчүн катуу сокку болгонун экономикалык көрсөткүчтөр айгинелеп турат", — деп билдирген.

Бирок, Ак Үй өкүлүнүн сөзүнө караганда алар азырынча "жагдайды өзгөрткөн жери жок".

"Биз жасаган басымдар майнаптуу болот деп эсептейм. Сөз Москванын багытын кайра карап, өзгөртүүгө мажбурлай турган саясий натыйжа тууралуу болуп жатабы? Азырынча андай эмес. Бирок, ал таптакыр эле болбойт дегенди түшүндүрбөйт", — деп белгилеген АКШнын администрациясы өкүлү. 

Украинадагы абалга кийлигишкендиги үчүн Россияны күнөөлөп, АКШ менен ЕБ ага каршы санкцияларды киргизген. Москва мындай айыптоону кескин четке кагат. Санкциялар россиялык экономиканын бүтүндөй тармактарына, анын ичинде коргонуу өнөр жайына, энергетикасына жана каржы тармагына таасирин тийгизди. Россия аларга жооп кылып, өз санкцияларын киргизүү менен, ЕБ жана АКШдан, о.э. Россияга каршы санкцияларды киргизүүгө катышкан башка өлкөлөрдөн айыл чарба продукцияларынын импортун чектеди. 

АКШ администрациясынын өкүлүнүн айтымында, АКШ "азыр болуп жаткандардын алкагында (Россияга) күчтүүрөөк таасир кылууга бардык мүмкүнчүлүктөрдү карап жатат" жана "европалыктар менен чогуу аракеттерди көрсө", эң жакшы натыйжага жетишүү мүмкүн экенин эске алып, АКШ Россияга "карата кысымды кантип күчөтүү керектиги боюнча" ЕБ менен ишин улантууда деп белгиледи ал. 

АКШ менен ЕБ россиялык саясатчылар менен ишкерлерге каршы санкцияларды кантип киргизишти

Путин санкциялар шартында экономикалык өнүгүүнү ЖРЭФ менен талкуулайт
АКШ менен Европа биримдиги Крымдын Россияга кошулушун тааныган жок жана Украинанын ишине кийлигишкендиги үчүн Москваны күнөөлөп жатат. Россия муну четке кагып жана мындай күнөө коюуларын негизсиз деп атоодо. Батыш өлкөлөрү март айынан тартып бир катар россиялык саясатчыларга, ишкерлерге жана компанияларга каршы санкцияларды бир нече жолу киргизип, чек коюучу чараларды кеңейтебиз деп опузалашкан. Мындай чаралар акыркы жолу сентябрь айында колдонулган. 

Европа биримдиги 26-июлда россиялыктарга жана өздөрүн өз алдынчабыз деп жарыялап алган Донецк жана Луганск элдик республикаларынын (ДЭР жана ЛЭР) өкүлдөрүнө – бардыгы болуп 15 адамга, андан тышкары Севастополь деңиз порту дана "Соболь" коомдук уюму сыяктуу бир катар крым компанияларына каршы санкцияларды киргизген. Атап айтканда, санкциялык тизмеге Федералдык коопсуздук кызматынын директору Александр Бортников жана Россиянын Тышкы чалгындоо кызматынын директору Михаил Фрадков, Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев, анын орун басары Рашид Нургалиев жана кеңештин мүчөсү Борис Грызлов, Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров жана Краснодарск крайынын башчысы Александр Ткачев түшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0