Лавров ызы-чуулар тынчыган соң РФ менен ЕБ диалогун жаңылайт деп ишенет

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүАрхив: Сергей Лавров
Архив: Сергей Лавров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул тууралуу Сергей Лавров Россия менен ЕБ ортосундагы тышкы саясат жана коопсуздук маселелеси боюнча жалпы иш жол-жоболорун түзүү демилгесине байланыштуу билдирди.

БИШКЕК, 19-ноя — Sputnik. Россиянын Тышкы иштер министри Лавров Германиянын ТИМи Франк-Вальтер Штайнмайер менен шейшембидеги сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынында "ызы-чуулар басылгандан кийин" Евробиримдик менен диалог кайра башталарына ишенерин айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды

"Ашыкча сөздөр азайып, ызы-чуу бүткөндөн кийин биз Евробиримдик менен болгон мамилелерде иштиктүү жаатка кайрылабыз деп ишенем", — деди Лавров, Россия менен ЕБ ортосундагы тышкы саясат жана коопсуздук маселелеси боюнча жалпы иш жол-жоболорун түзүү демилгесине байланыштуу. Анда эки тарап үчүн тең көйгөйдү жаратуучу чыр-чатактар каралмак.

Буга тийиштүү демилгени, минстрдин сөзү боюнча, 2010-жылы Германиянын канцлери Ангела Меркель көтөрүп чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0