БУУнун Женевадагы башчысы: мыйзамдарды тоготпоо - опурталдуу жол

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүАрхив: БУУ Нью-Йорктогу имаратынын алды
Архив: БУУ Нью-Йорктогу имаратынын алды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн дүйнө эрежелердин улам барган сайын сакталбай жаткан кырдаалына туш келди. Эрежелер көп учурда четке кагылып, ээн-эркиндик, өзү билемдик сезими пайда болууда, деп эсептейт БУУнун Женевадагы бөлүмүнүн башкы директору Михаэль Мёллер.

БИШКЕК, 5-ноя   Спутник Кыргызстан. Акыркы кездерде көп болуп аткан эл аралык эрежелер менен мыйзамдарды эсепке албоонун аягы жаман болушу ыктымал деп белгиледи РИА Новости менен болгон маегинде Михаэль Мёллер.

"Азыр дүйнөдө эрежелерди сактоодон күн санап четтеп бара жаткан жагдай пайда болду. Биз узак убакыт бою, айрым учурда өтө татаал шарттарда эл аралык ченемдер менен регламенттерди жана мыйзамдарды иштеп чыкканбыз. Дүйнө өзүнүн жакшы жашоосу үчүн мындай мыйзамдарга муктаж. Бүгүн болсо бул эрежелер четке кагылып, ээн-эркиндик, өзү билемдик сезими жаралганын биз көрүп жатабыз. Менин оюмча, бул жакшылыкка алып келбейт", — деп айтты ал РИА Новости менен маегинде.

"Бул канчалык көп болсо, биз ошончолук көп көйгөйлөргө туш болобуз", — деп белгиледи Мёллер.

Ал азыркы замандын дагы бир маселесине токтолду. Бул — ишенимдин жоктугу. Айрым лидерлерге гана эмес БУУ жана анын Коопсуздук кеңеши же Куралсыздандыруу боюнча конференция сыяктуу эл аралык түзүмдөргө да ишеним жок. Аталган түзүмдөр мурдагы болгон ишенимди башка жолдор менен катар реформалоо аркылуу да кайра кайтарып алуулары керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0