КТБ кызматкерлерин документтерди кабыл алууда кантип тартипке чакыруу керек?

© Родионова ДиляКалкты тейлөө борбору. Архив
Калкты тейлөө борбору. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Соцтүйүндөрдүн пайдалануучулары калкты тейлөө борборлорунун кызматкерлерине даттанышууда, себеби алар КТБнын салонунан же паспорт берүүчү жайларга жакын жайгашкан салондордон чыгарылбаган паспорттук сүрөттөрдү кабыл албай жатышат.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Чыңгыз Айтматов, 95 дареги боюнча Эски аэропорттун имаратында жайгашкан Калкты тейлөө борбору Бишкектин Биринчи май жана Октябрь райондорунун тургундарын тейлейт. 

Ичинде баары паспорт алганы келгендер үчүн ыңгайлуу жасалган. Талон менен кайрылуу системасы терезелердин жанында түртүшүп туруунун ордуна жай-баракат өз кезегин күтүүгө мүмкүнчүлүк берет. 

Кагаздарды тизелеп туруп эмес, көп сандагы столдор менен тегерете коюлган отургучтарга отуруп алып толтурса болот. Ал жерде биометрикалык маалыматтарды тапшырып, сүрөткө түшсө да болот. Болгондо да акыркысын дал ушул КТБда жасаган оң, себеби паспорт берүчү жайдын кызматкерлери сүрөттү кабыл албай коюшу да ыктымал.

Биометрикалык маалыматтарды чогулткан мобилдүү топ заманбап техника. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сариев биометрикалык маалыматын тапшырбаган киши добуш бере албастыгын айтты
Соцтүйүндөрдүн пайдалануучулары дал ушундай окуяга аталган КТБга документтери жана даяр сүрөттөрү менен келгенде туш болушкан. 

ИКАОнун талаптарына ылайык, арыз берүүчү сүрөткө баш кийимсиз, көз айнексиз, оозун жаап, жарыкты чагылтуучу аксессуарлары жок түшүшү керек. Баш кийимчен диний ишенимине гана байланыштуу түшүүгө гана уруксат. Сүрөттүн кагазы жылма болушу керек.

Посттун автору белгилегендей, аталган талаптардын баары аткарылганын карабай, сүрөттөрдү кабыл алуунун ордуна ошол жерден кайра сүрөткө түшүүнү буйрушкан. 

Соцтүйүндө дагы бирөөлөр мындай окуя борбор калаанын дээрлик бардык паспорттук столдорунда бар экендигин жазышат. Кайрылуучуларды КТБнын жанында орун алган фотосалонго жиберишет.

"Паспорттук столдун жанындагы салондон кайра сүрөткө түшүүга аргасыз болдум, алар баарын колго алып коюшкан", — деп болжойт Рокер Рокерович деген каймана аттуу пайдалануучу.

Борбордун кардарлары менен сүйлөшүүдө Sputnik кабарчысына башка салондон түшкөн сүрөттү кабыл албай койгон жарандарды табуу мүмкүн болгон жок. 

Бирок бир нече жарандын койгон дооматтары аталган көйгөй бар экендигин күбөлөйт.

МККга суроо: КТБнын кызматкерлерин канткенде тартипке чакырып, алардын документтерди кабыл алуу жана толтуруу иштерин көзөмөлдөсө болот?

Жаңылыктар түрмөгү
0