АКШ: шкаф басып калган эгиздин бирин экинчи түгөйү сактап калды

Жазылуу
Балдар үйдүн бурчунда ойноп жатып, ал жердеги комод-шкафты аңтарып алышкан.

Хирург операция учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эгиз кыздарга үйлөнгөн эгиз жигиттер адаша бергендиктен операция жасатып жандары тынды
Америкадагы Юта штатында эки жашар эгиздердин бири шкафтын алдында калган экинчисин кантип куткарып калганы үйгө орнотулган камерага жазылып калган. Аны баланын ата-энеси YouTube каналына жайгаштырып, каарман бөбөктүн эрдигин төрт миллионго жакын киши көргөн. 

Балдар үйдүн бурчунда ойноп жатып, ал жердеги комод-шкафтын суурмаларын тартып чыгып, ага түшүүгө аракет кылып жатканда, ал аңтарылып кетип, балдардын бирин басып калган. 

Эмеректин алдында калган түгөйүнүн жанында чебелектеп чуркаган бөбөк аракет кылып, шкафты ары-бери түртүп жатып, бир тууганын бошотуп алган. 

Балдардын ата-энеси балдардын ишенимдүү турган эмеректи да ала салдырып жибериши мүмкүн, андыктан коопсуздук сактоо зарыл деген таризде аталган видеону жайгаштырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0