"Жамгыр төктү" ырын домбура жана гитаранын коштоосунда сыздаткан казак жигит

Жазылуу
Актау облустук филармониясынын солисти Марат Сафаров гитара жана домбуранын коштоосунда Түгөлбай Казаковдун белгилүү "Жамгыр төктү" ырын созолонто ырдады.

Кыргыз кыздары менен музыкасына арбалган тажикстандык Шодмонбек Хазратов
Сафаров Sputnik Кыргызстан агенттигине 10 жылдан бери ырдап, домбурада ойноп келерин айтып берди. Учурда ал Мурат Өскөнбаев атындагы Актау облустук филармониясынын солисти болуп эмгектенет. 

Казак ырчысы кыргыз элинин "Жылкычы", "Арман" сыяктуу ырларын сүйүп ырдай турганын белгилеп, Бек Борбиевдин да чыгармаларына кызыгарын кошумчалады. 

Видеодо домбураны Екпин Толкынхан чертүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0