"Главная сцена" конкурсунун финалисти Кайрат Примбердиев наристесин ырдоого үйрөтүп жатат

Жазылуу
Кыргыз эстрада ырчысы Кайрат Пиримбердиев эл аралык конкурска катышып, Москвадан кайткандан кийин, дароо эле 11 айлык уулун ырчылык өнөргө жакындатууга аракетин баштады.

"Главная сцена" музыкалык телешоусунун финалдык концерти Мамлекеттик Кремль сарайында дүйшөмбү күнү, 21-декабрда өттү. Долбоордун катышуучулары бир сахнада Тамара Гвердцители, Ольга Кормухина, "A`Studio" тобу, Нюша, орус эстрадасынын легендасы Иосиф Кобзон жана башка белгилүү ырчылар менен ырдашты.

"Москвага кетип баратканда, уулумду чоң апасына калтырып кеткенбиз. Баламды абдан сагынып калыптырмын. Наристеге ырдаган жага тургандыгын эртең менен байкадым", —деп айтып берди Примбердиев.

Улуунун келечекте ырчы болор болбосу туурасында айтуу азырынча өтө эле эртелик кыларын билдирген Примбердиев, вокал өнөрүнө үйрөтө берүү ашыктык кылбай тургандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0