Аалы акын депутаттар мушташы болбой калып, эми министрлер концертке келе баштаганын ырдады

Жазылуу
Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын 80 жылдыгына карата өткөн жана Улуттук филармониянын 80-юбилейлик сезонунун ачылышындагы концертте төкмө акын Аалы Туткучев өкмөт мүчөлөрүн, министрлерди бир чымчып өттү.

Аалы акын 30-сентябрдагы филармонияда өткөн концертте өкмөт мүчөлөрүнүн залда отургандыгына таң калганын жашыра аган жок.

Сариев филармония жамаатына маданият кызматкерлерин айлыгын көтөрүүнү жана автобус убада кылды
"Парламентте депутаттар кармашышкан, чабышкан, муштумдуулары мушташып, бири-биринин мурундарын жарышкан" деп ырдаган акын "министрлер элди эриктирбеген парламенттеги окуяларды көрө берип, концертти унутканын, азыр сессиянын жоктугунан министрлер концертке келе баштаганын" ырдап залда отургандарды "жарды".

Андан сырткары, "алакандай кыргызды чыры менен таанытпай, ыры менен таанытсак" деген Аалы акын артисттердин эл аралап концерт койгонго автобуска муктаждыгын жана айлык акынын аздыгын ырга салды.

Концерттин соңунда сахнага чыгып сүйлөгөн премьер-министр Темир Сариев филармониянын чыгармачыл жамаатына автобус берүү жана айлыктарын көтөрүү маселесин кароого убада берип, кутулду.

Жаңылыктар түрмөгү
0