Нарын шаарында заманбап хоккей аянтчасы иштей баштады

Жазылуу
Тоолуу Нарын шаарында Ташболот Токтосунов атындагы заманбап хоккей аянтчасы ачылды.

Жаңы ачылган бул аянтча дүйнөлүк стандарттарга туура келет.

Келечектин хоккеисти, сегиз жашар чабуулчу Нуртемир. Муз үстүндө төгүлгөн тер - Sputnik Кыргызстан
Келечектин хоккеисти, сегиз жашар чабуулчу Нуртемир. Муз үстүндө төгүлгөн тер
Спорт комплекстин расмий ачылышына Бишкек жана Алматы калааларынан хоккейчилер келген. Алар Нарын шаарынын хоккей командасы менен жолдоштук беттештерди өткөрүп, Казакстандан келген оюнчулар жеңишке жеткен.

Эл аралык талаптагыдай спорттук жайды курууга Нарын шаардык мэриясы 62 сотых жер аянтын бөлүп берген. Курулуш иштери 2015-жылдын күз айында башталган. Спорт комплекстин администрациясынан аталган жай жеңил конструкция менен салынгандыгын жана музду жылмакайлап туруучу атайын техника кошо алынгандыгын айтышты. 

Жаңы ачылган муз аянтта кышкы спорттун түрүн сүйүүчүлөр үчүн атайын курстарды ачуу каралууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0