Авиакырсыктан көз жумган Адинай менен Мадинанын апасы: төрт кызым тең бизге буюрбаптыр

Жазылуу
16-январь күнү "Манас" аэропортуна чукул жайгашкан Дача айылына Boeing-747-400F учагы кулап, кырсыктан 38 адам көз жумду.

Таякча кармаган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Авиакырсыктан жабыркагандарга пенсионер 20 миң сом пенсиясын берди
Дача айылындагы авиакырсыктан эки бир тууган кыздар — 14 жаштагы Мадина жана 6 жаштагы Адинай аттуу кыздар да бул дүйнө менен кош айтышты. 

Буга чейин эки кыздын сөөгүн атасы Руслан Белековдун туулган жери Нарын облусунун Жерге-Тал айылына алынып кетерин маалымдалган. Бирок алар үй-бүлөсү менен кеңешип кыздардын сөөгүн Манас айылындагы көрүстөнгө коюуну чечишкен.

"14-январь күнү кайнатам каза болуптур деп Нарындан суук кабар келди. Улуу кызыбыз Мадина "мен да барып келейинчи" деп аябай көңүлдөндү. Ал эми кичүү кызыбыз Адинай же буту тартпай койдубу же өлүм насип кылганбы, айтор, "барбайм" деп эле болбой койду. Кичүү кызыбыздын жанына караан болсун деп экөөнү тең кошунабыздын үйүнө калтырып кеткенбиз", — деди күйүткө буулуккан эне. 

Казакстандан келген Нурбир: ата-энем, бир туугандарымдан ажырап карайлап турам - Sputnik Кыргызстан
Казакстандан келген Нурбир: ата-энем, бир туугандарымдан ажырап карайлап турам
Кошунасы Анарбек Солтокенов жубайы, 29 жаштагы уулу жана 8 жаштагы кызы менен да кырсыктан каза болушкан. Алардын артында бир кыз, бир баласы калды. Ал эми Руслан Белеков аялы Махбуба экөө кыздарынын сөөгүн ошол эле айылдагы инисинин үйүнөн чыгарышты. 

"Кыздарымдын сөөгүн жакыныраак эле бул жакка коюуну чечтик. Жок дегенде топурактарын барып кучактап сагынычымды таркатып, бат-бат барып куран окутуп турабыз", — деди кыздардын энеси. 

Махбуба Сатыбалдиева төрт кыз төрөгөн. Бирок эки кызы кичинекей кезинде чарчап калып, "бул эки кызымды да шум ажал алды. Бизге буюрбаптыр" деп ал күйүткө чыдабай ыйлап отурду.

Жаңылыктар түрмөгү
0