Бишкектеги кинотеатрдын жанындагы атышуу — видеобайкоодогу кадрлар

Жазылуу
Буга чейин күбө Бишкектин борбордук бөлүгүндө атышуу болгонун билдирген.

Ишембиге караган түнү Чүй менен Эркиндик проспектилеринин кесилишинде атышуу болгонун Sputnik Кыргызстан агенттигине окуяга күбө болгон окурман билдирген.

Сыртта орнотулган видеобайкоо камерасы аны каттап калган.

Интернет клубда күзөтчүлөрдүн куралын алып качкан мастарды камера тартып калган - Sputnik Кыргызстан
Интернет клубда күзөтчүлөрдүн куралын алып качкан мастарды камера тартып калган
Видеодо түнкү саат 4.00дө кинотеатрдын жанындагы унаа токтотуучу жайдан Lexus GX 470 үлгүсүнө окшогон ак түстөгү жол тандабастын катуу ылдамдыкта чыкканы, анын артынан бир киши чуркап кела жатканы көрүнүп турат. Ок атылгандай элес калтырган жарыктар билинер-билинбес болуп түшүп калган. Андан кийин киши токтоп, артка кайрылып кетет. Дароо эле ал жерден эки машина чыгат. Subaru Forester үлгүсүндөгү унаага окшошкон машина, жол тандабастын артынан кетет. 

7 мүнөттөн кийин окуя болгон жерге бир нече адам келип, окуя болгон жерди иликтей баштайт. Дагы 9 мүнөттөн кийин белги коюлган унаалар келгени көрүнүп турат.

Буга чейин күбө атышуудан жакын жерде токтоп турган таксинин терезеси ок тийип талкаланганын айткан. Бардыгы болуп атканга окшогон үн төрт жолу чыккан.

Тез жардам кызматы Бишкектин борбордук аянтына бул маалда эч кандай билдирүү түшпөгөнүн билдирди. Ал эми укук коргоо органдары комментарий берүүдөн баш тартты.

Жаңылыктар түрмөгү
0