Интернет клубда күзөтчүлөрдүн куралын алып качкан мастарды камера тартып калган

Жазылуу
Мурда борбор калаанын интернет клубдарынын биринде мас абалындагы төрт киши жаңжал чыгарып, күзөт кызматкерлеринин куралын алып качып кеткендиги тууралуу маалымдалган.

Бетин жаап турган кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
ТИМ: Түркияда сабалган кыргыз кызы тууралуу маалымат такталып жатат
Шейшемби күнү болжол менен саат 10:30дар чамасында Айтматов проспектиси менен Жаманбаев көчөсүндөгү интернет клубдардын биринде мас абалындагы төрт киши жаңжал чыгарган

Клубдун күзөтчүсү Николайдын айтымында, ал мас балдар анын сөзүн укпаган соң күзөт агенттигинин жетекчилигин чакырууга аргасыз болуп, жетекчиси жанына куралчан кызматкерлери менен келген. 

"Эки тарап тең көчөгө чыгып, мас балдар жетекчиге жаман сөздөрдү айтып, ошондон мушташ чыгып кетти. Алар жетекчини да, башка күзөт кызматкерлерин түртүп салышып Сайга (аң-уулоочу мылтык) куралын тартып алып качып кетишкен. Мен бул учурда клубдун ичинде болчумун", — деди Николай.

Учения отряда специального назначения Омега и сводного отряда ГСИН - Sputnik Кыргызстан
Жалал-Абад: милицияга кол көтөргөн мончонун ээси уулу менен кармалды
Андан кийин клубдун кызматкерлери милицияны чакырышкан. Кайгуул милициясы окуя болгон жерге барып, көп өтпөй кылмышка шектүүлөрдү кармашкан. 

"Панфилов жана Медеров көчөлөрүнүн кесилишинде мергенчинин куралын көтөрүп жүргөн төрт киши байкалган. Кармоо учурунда алардын экөө качып кеткенге үлгүрүп, мылтыкты көтөрө кетишкен. Калган экөө кармалды", — деп айтылат билдирүүдө.

Болжол менен 20-25 жаштардагы кармалган жарандар мас абалында болушкан. Учурда алардын ким экени аныкталууда. Алар РИИБге алып келинген.

Качып кеткен эки жаранды издөө боюнча аракеттер көрүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0