Ысык-Көлдүк окуучу: көгүчкөндөрүм 40 чакырым алыстыктан үйдү таап келе алат

Жазылуу
Окуучу бала көгүчкөндөрдүн ар кандай түрлөрүн багып санын 30га жеткирген.

Ысык-Көл облусуна караштуу Таш-Сарай айылынын 7-класстагы окуучусу Азис Ажыбеков үч жылдан бери көгүчкөн багып, эми аларды кат ташууга үйрөтө баштады. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин аймактык кабарчысы билдирди. 

Окуучу бала көгүчкөндөрдүн ар кандай түрлөрүн багып санын 30га жеткирген. 

"Алгач көгүчкөндөрдү үйдөн 12, кийин 40 чакырымга чейин алыс жакка алып барып учуруп көрдүк. Алар бат эле үйдү таап келип калышты. Эми көгүчкөндөрдү кат ташууга үйрөтүүгө аракет жасап жатам", — деди Азиз. 

Анын айтымында, 4-класстагы иниси Анас Ажыбеков экөө жаныбарларга, канаттууларга жана өсүмдүктөргө аябай кызыгышат. 

"Тоокторду багуу менен кошо күндө эртең менен туруп сабакка барганга чейин көгүчкөндөргө таза суу, жем берип турабыз. Сабактан келгенде кайрадан жем чачып асманга учурабыз. Көгүчкөндөр канаттарын каккылап ар кандай трюктарды жасашат", — деди Ажыбеков. 

Ал ошондой эле үйүндө гүлдөрдүн түрлөрүн өстүрөрүн да кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0