Пакистандагы учактын кыйроосу — окуя болгон жерден кадрлар

Жазылуу
Алдын-ала маалыматка караганда, авиакырсыктан эч ким тирүү калган эмес.

Pakistan International Airlines авиакомпаниясынын учагы 47 кишиси менен Хавелиан шаарына жакын жерде кыйроого учурады. ЖМКга жарыяланган маалымат боюнча жүргүнчүлөрдүн 31и эркек, тогузу аял жана эки бала болгон.

Последствия землетрясение в северной провинции Ачех Индонезии - Sputnik Кыргызстан
Индонезиядагы зилзаладан 620 адам жабыркады
Пакистандын Жарандык авиациясынын өкүлүнүн маалыматына караганда, кыйроодон аман калгандар болгон жок.

Куткаруучулар 36 адамдын сөөгүн таап чыгышты. Бул тууралуу Geo TV телеканалы Пакистан армиясынын (ISPR) маалымат кызматына шилтеме кылып билдирген. Буга чейин 21 адам тууралуу айтылган.

Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча улуттук кызматы издөө салган иш-аракетине тик учактарды тарткан.

Лайнер Читрал шаарынан жергиликтүү убакыт боюнча саат 15.30да учуп (16.30 Бишкек) Исламабад шаарына саат 16.40та (17.40 Бишкек) конушу керек эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0