Айтматовдун туулган күнүндө өтө турган кинофестиваль. Ат салыша турган 26 тасма

Жазылуу
Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө арналган эл аралык кинофестиваль 12-декабрда "Манас" кинотеатрында башталат.

"Кыргызстан — кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" аталышындагы эл аралык фестивалдын уюштуруучулары кыска метраждуу тасма тартуу акыркы учурда өнүгө баштаганын айтышты.

Алардын айтымында, быйылкы жылы Россиядан эле сынакка катышууга 20дан ашык тасма келген. Фестивалдын арт-директору Ника Жолдошева кыска метраждуу тасмалардын саны барган сайын көбөйүп жатканын белгиледи.

"Быйылкы жылы КМШ өлкөлөрүнөн 200гө чукул билдирме келип түштү. Анын ичинен тандалып отуруп эл аралык сынакка 14 тасма тандалып алынды. 15-тасма Түркмөнстандан келиши керек эле, бирок ал жактын шартына туура келбей катышпай калды. Ал эми улуттук сынакка 80ден ашуун тасма келип түшкөн, анын ичинен 12си тандалып ат салышмай болду. Кыска метраждуу тасма тартуу акыркы учурда өнүгө баштады. Барган сайын аларды тарткан режиссерлордун деңгээли да жогорулоодо", — деди Жолдошева.

Фестивалда мындан сырткары, жаш киночулардын "Карек" фестивалынын үч жеңүүчүсү да ат салышат. 

Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө арналган эл аралык кинофестиваль 12-декабрда "Манас" кинотеатрында башталып, 15-декабрда жыйынтыкталат. Кирүү акысыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0