09:54 09 Бештин айы 2016
Түз эфир
Видео

Чоңдордун тирешинен Элиза эки жылдан бери мектепке бара албай келет

Кыскача шилтеме алуу
49820
(2:30 / 16.32Mb / )
© Sputnik / Эмиль Садыров

Каарманыбыз Элиза Орозбаева шал оорусу менен жабыркап, кичинесинен бери баспайт. Апасы Айгүл Орозбаева жазгыз бой эне, үй-бүлөнүн финансылык абалы оор. Баары аз келгенсип, Элиза эки жыл мурда мектептен чыгып калган.

Элиза Бишкектеги №33 мектепте окучу. Апасынын айтымында, үй-бүлө мектеп талап кылган акчаларды убагында бере албай, кийин таптакыр эле бербейм дегендиги үчүн окуучуга карата мамиле салкындап кеткен. 

"Кызыма сабак учурунда эле кысым көрсөтүп, сендей кыздар окуй албайт деп айтышчу экен. Кийинчерээк "кызың майып, мындай кыздар эркекти эрте каалап баштайт" деген ыплас сөздү кызыма угуза айтып салышкан", — деди Орозбаева.

Мектепке барбай калган эки жылдан бери Элиза атайын курстарга барып, англис тилин үйрөнүүдө. Ал эми апасы үч баласын багыш үчүн үйүнөн заказ алып кийим-кечек тигип, сувенирлерди жасайт. Элиза дагы жөн отурбай апасына жардам берип, майда-чүйдөсүн кармалашып турат.

Окуянын чоо-жайын такташ үчүн Бишкектеги №33 мектеп-гимназиясына кайрылдык. Биздин суроолорубузга мектептин социалдык педагогу Озода Зайфудинова жооп берди.

"Шарт боюнча ар бир жылы апрель айында балдардын церебралдык параличи менен жабыркаган балдар атайын комиссиядан өтүшү керек. Апрелден баштап справканын мөөнөтү бүткөнүн апасына бир нече ирет эскерткенбиз. Бирок ал мектеп берген мүнөздөмөгө макул болбой, барбай жатат. Комиссиядан өтүп келсе эле Элизаны окутууга даярбыз",—дейт Зайфудинова.

Ал эми Айгүл Орозбаева мугалимдин бул жообун эки жүздүүлүк, жөн гана журналисттердин, коомчулуктун сынынан кутулуу максатында айтылган сөз катары кабылдады.

Мына ушинтип эки тарап бир пикирге келе албай жаткан учурда Элизанын кичинекей төрт дубалдын ичиндеги көнүмүш жашоосу уланууда. 

Элиза Орозбаванын тагдыры тууралуу кененирээк Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материлдан окуңуз>>

Тема боюнча

Ортодо калган окуучу. Оорудан да алты саны аман чоңдордун мамилеси тушаган Элиза
Балдар үйүнөн башталган өмүр. Карылар үйүнө баргысы келбей, гаражда жашаган аксакал
Белгилер:
пикир, окуу, майып, мектеп, Элиза Орозбаева

ЭҢ МААНИЛҮҮ