Караколдогу зоопарктын жетекчиси: акчанын жогу жаныбарларга кесепетин тийгизип жатат

Жазылуу
Каракол шаарынын мэри Данияр Арпачиев эртең айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин жетекчилиги менен жолугаарын билдирди.

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги менен "Кумтөр" ишканасы Кыргызстандагы жалгыз зоопаркты каржылабай калды. Бул тууралуу зоопарктын жетекчиси Салтанат Сейитова Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, жаныбарлардын тамактануусуна зоопарктын кызматкерлеринин айлык акысы бөлүнгөн.

"Дан өсүмдүктөрүнүн запасы кыштын аягына чейин жетет. Бирок алма, витаминдер жетишсиз болууда. Кээ бир учурда ветеринарларды да чакыртып келген учурлар болуп калат. Ач калгандардын көпчүлүгү жырткыч жаныбарлар аларга ири көлөмдөгү эт алып коюуга шарт жок",— деди Сейитова.

Ал ошондой эле жаныбарлардан сырткары кызматкерлер да кыйналып жатканын кошумчалады. Кызматкерлер болгон акчасын коротуп, айлык маяналарын жаныбарлардын тамактануусуна бөлгөн. Мындан сырткары соцфондго төлөй турган карыздар да көбөйгөн.

Каракол шаарынын мэри Данияр Арпачиев айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин жетекчилиги менен жолугаарын билдирди.

"Кандай болгон күндө да жаныбарлар тамаксыз калбайт. Ал өлкөдөгү жалгыз зоопарк. Акыркы учурда Караколго туристтер көп барып жаткандыктан, зоопарк коноктор эң көп барчу жерлердин бири болот. Ошондуктан биз бул маселени тезинен чечишибиз керек", — деди шаар мэри.

Каракол шаарындагы зоопарк — 1987-жылы түзүлгөн. Ал Кыргызстандагы жалгыз зоопарк болуп саналат. Учурда ал жакта 34 түрдөгү 150 өзгөчө жаныбарлар бар. Алардын жети түрү Кызыл китепке киргизилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0