Темир тулпарлардын таймашы: айдоочулар унааларынын күчүн сынашты

Жазылуу
Жекшемби күнү Кантта жайгашкан "EXTREM" картодромдо унаалардын беттеши өтүп, мыктылар тандалды.

Унаалардын беттешине сегиз айдоочу катышып, алардын темир тулпарларынын баасы 20 миң сомдон ашпайт. Эреже боюнча айлампага түшкөн унаалардын кимиси акырына чейин чыдаса, ошол жеңүүчү аталат. Мелдешке катышуу үчүн Бишкек, Талас жана Казакстандан айдоочулар келген. 

Катуу кармаштан соң биринчи орунду "Призрак" каймана аттуу Сергей Кошкин ээлеп, баалуу белектер менен сыйланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0