Электриктер ар бир үйдө жарык болуусу үчүн өз өмүрүн тобоколге салды

Жазылуу
Жогорку чыңалуудагы электр линиясын оңдоо учурунда электр жарыгы өчүрүлгөн эмес.

Тогуз-Торо районундагы "Урумбаш-Жетиген" 110 кВ электр линиясын калыбына келтирүү үчүн аракеттер көрүлдү. Ага авиатехника тартылганын "Кыргызстандын Улуттук электр тармагы" компаниясынын маалымат кызматы билдирди.

Октябрь айынын аягында Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда калкты жана "Макмалалтын" камбинатын электр менен камсыздоодо көйгөй жаралган.

Отключение электроэнергии в Джалал-Абадской области - Sputnik Кыргызстан
Улуттук электр тармагы зымга тоңуп аварияга алып келген 30 см музду көрсөттү
Кар аралаш бороондон (шамалдын ылдамдыгы секундасына 45-55 метрге жеткен) улам "Урумбаш-Жетиген" 110 кВ электр линиясына муз тоңгон. Анын кесепетинен Сары-Кыр ашуусундагы электр зымдары үзүлгөн.

Аталган аймакка кар калың түшкөндүктөн автотранспорт менен барууга мүмкүн болгон эмес.

1-ноябрда премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы менен Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын тик учагы үзүлгөн зымдарды оңдоо үчүн адистерди жеткирүүгө бөлүнгөн.

Эки күн ичинде (2-3-ноябрда) үзүлгөн зымдар кошулуп, электр линиясы колдонууга берилген. Учурда Жалал-Абад облусун электр энергия менен камсыздоо мурдагы калыбында жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0