Рельстен чыгып кеткен вагондон улам автотыгын пайда болду — жеринен тартылган видео

Жазылуу
Жүк ташуучу вагондор рельстен чыгып кетти. Бактыга жараша жабыркагандар жок.

9-ноябрда Лев Толстой жана Тимур Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинен вагон рельстен чыгып кеткен. Окуя саат 11.30дар чамасында болгон. Анын кесепетинен автотыгын пайда болду.

"Кыргыз темир жолу" улуттук компаниянын маалымат кызматы рельстен эки бош вагон чыгып кеткенин билдиришти. Окуянын жоо-жайы такталат. Вагондор рельске тургузулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0