"Мен сени эстеп калдым!" Бишкекте уурулукка шектелгендер кармалды

Жазылуу
Шектүүлөр камерага тартып жаткан журналистти "сени эстеп калдым" деп коркуткан.

Бишкекте шейшемби күнү уурулукка шектүү делип эки адам кармалганын Кайгуул кызматынын башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

"Саат 15:15терде Кайгуул кызматына тоноочулук боюнча маалымат келип түшкөн. Жабыр тарткан адамдардын айтымында, белгисиз адамдар аларды BMW үлгүсүндөгү унаага отургузуп, үч уюлдук телефонун, кол саатын жана 500 сом акчасын алып алышкан. Издөө иштеринин натыйжасында шектүү адамдар кармалган", — деди ШИИБ Кайгуул бөлүмүнүн кызматкери Нурлан Мусалиев.

Кармалган адамдар окуя болгон жерден журналисттердин камерасына окуя тууралуу айтып берген эмес. Өздөрүн ишенимдүү алып жүргөн шектүүлөр тартып жаткан журналистти "сени эстеп калдым" деп коркуткан.

Кармалган эки киши тең Бишкек шаарынын Свердлов РИИБине жеткирилген. Иликтөө иштери уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0