"Жолсуз" жолдогу унаа жарыш — айыгышкан беттештеги кадрлар

Жазылуу
Жекшемби күнү Бишкек шаарынан алыс эмес жердеги Озерное айылында "Штурмовик" жол тандабас унаалар кыймылы элдик клубунун туулган күнүнө карата атайын жарыш болуп өттү.

Жол тандабастардын жарышы Озерное айылындагы машыгуу майданында жекшемби күнү өткөрүлдү. 

Жеңиш үчүн беттеш ТР1, ТР2 жана ТР3 категориясында өттү. Ушундай эле жарыш квадроциклдер арасында дагы уюштурулду. 

"Таймашка үч клуб катышты. Алардын экөө жергиликтүү, бирөө казакстандык клуб болуп эсептелет. Иш-чарадан жабыркагандар болгон жок. Себеби жарыш учурунда катышуучулар шлем кийип кур тагынышкан. Таймаш саат 11.00дө башталып, 18.00дө аяктады", — деп билдирди "Штурмовик" жол тандабас унаалар кыймылы элдик клубунун маалымат катчысы Юрий Копытин. 

Ал ошондой эле коопсуздукту сактоого кол кабыш кылган Чүй облустук ички иштер башкармалыгы менен бүркөө аба ырайына карабастан келген көрүүчүлөргө ыраазычылык билдирди. 

Уюштуруучулардын айтымында, жол тандабастардын жарышын көрүү үчүн үч миң адам келген.

Бишкекте жол тандабастардын жарышын Sputnik Кыргызстан фотолентасынан көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0