Атамбаев менен Маргвелашвили бир катар макулдашууга кол коюшту

Жазылуу
Кыргызстан менен Грузиянын башчылары Алмазбек Атамбаев менен Георгий Маргвелашвили кызматташуу боюнча бир катар келишимдерге кол коюшту.

Атамбаев расмий сапары менен Грузияда жүрөт. Бейшемби күнү өлкө башчылар эки тараптуу жолугушуу өткөрүп, коопсуздук, экономика жана билим берүү жаатында бир катар макулдашууга кол коюшту.

Грузия президенти кыргызстандык кесиптешинин сапарын тарыхый визит деп атады.

"Бизди басып өткөн тарыхыбыз байланыштырып турат, келечегибиз да кеңири. Бүгүн коопсуздук, экономика жана билим берүү тармагында кызматташууга өбөлгө болчу бир нече келишимге кол коюлду", — деди Маргвелашвили.

Президент Атамбаев эки мамлекетти көп нерсе байланыштырып турганын, мамилени жөн эле үзүп коюга болбой турганын белгиледи.

"Биз коюлган пландардын баарын ишке ашырышыбыз керек. Грузиядан үйрөнө турган көп нерсе бар", — деди өлкө башчы.

Атамбаев грузиялык кесиптешин Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0