Бишкекте миңдеген кишилер беш чакырымдык аралыкка чуркашты

Жазылуу
Бишкек шаарындагы Энвер Гареев атындагы Ботаникалык багында "Дары-дармексиз жашоо" чакырыгы алдында беш чакырымга чуркоо болду.

Кыргызстандык Александр Требунский Казанда өткөн алыска чуркоо мелдешинде алтын медалга ээ болду - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык жөө күлүк Казанда өткөн мелдеште алтын медаль алды
Бул иш-чарага миңдеген кишилер катышты.

Акыркы жылдары өлкөдө дары-дармекти колдонгондордун саны өсүүдө. Ал эми спорт менен машыккан жарандардын саны нормадан эки эсе аз экенин уюштуруучулар билдирди.

2010-жылы өлкөгө беш миллиард сомго дары-дармек алып келинсе, беш жылдан кийин бул сумма 13 миллиард сомду түзгөн.

Уюштуруучулар элди спорт менен машыгууга чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0