ЖККУнун аскер күчтөрү терроризмге каршы "күрөш" баштады

Жазылуу
Шейшемби күнү Балыкчыдагы "Эдельвейс" полигонунда Борбордук Азиядагы Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун тез аракетке келчү күчтөрүнүн машыгуулары башталды.

Башкы штабдын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Арзыматовдун айтымында, машыгуу учурунда терроризмге каршы операцияда аталган күчтөрдүн бөлүмүн пландоо жана пайдалануу маселелери иштелип чыгат.

"Иш-чарага эки миңден ашуун жоокер, 200гө чукул танк жана унаа техникасы менен 20дай учак менен тик учаактар тартылган", — деди Арзыматов.

Кыргызстан, Казакстан, Россиянын аскер күчтөрү катышып жаткан машыгуулар 4-7-октябрь күндөрүнө белгиленген.

Жаңылыктар түрмөгү
0