Бишкектин чок ортосунда үч автоунаа кагышып, өтүп бара жаткан киши жабыркады

Жазылуу
Бишкекте Чүй жана Эркиндик проспектилеринин кесилишинде унаалардын кагышуусунан жолдон өтүп бараткан киши жабыркады.

Кайгуул милициясынын 11 жаштагы кызды коюп кеткен видеосу - Sputnik Кыргызстан
Кайгуул милициясынын тестиер кызды коюп кеткен видеосу
Күбөлөрдүн айтымында, машиналардын көптүгүнөн Toyota Raum унаасы жол чийинден өтүп барып токтогон. Артынан келе жаткан Лада жолдогу кишини өткөрүп иймекчи болгон. Ошол маалда артынан Honda Odissey келип сүзгөн. Лада күү менен келип алдындагы унааны сүзгөндө өтүп бараткан кишинин буту Toyota менен Лада унаасынын бамперлерине кыпчылып калган. Жаракат жеңил болгондуктан ага медициналык жардам керектелген эмес.

Учурда окуя болгон жерде кайгуул милициясынын кызматкерлери иштеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0