ИИМ жол эрежесин бузгандар менен жаңы жабдуу аркылуу күрөшөт

Жазылуу
Ички иштер министрлиги Бишкекте жол эрежесин бузгандарды каттай турган чакан жабдууну тааныштырды.

Министрликтин маалымат борборунун жетекчиси Алмаз Бообеков учурда шаардагы кайгуул милициясынын бир унаасына аталган жабдуу орнотулганын билдирди.

Арак кармап унаа айдап бараткан айдоочунун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Мас айдоочунун сазайы берилеби? Депутаттардын демилгеси
Жаңы система туура эмес токтотулган автоунааларды автоматтык түрдө аныктайт. Машинанын ичине коюлган жабдуу аны сүрөткө жана видеого тартып, Wi-Fi роутер аркылуу жол кыймыл коопсуздугун көзөмөлдөгөн борборго жиберет.

Бообеков айдоочулар айыпты банк аркылуу төлөсө болорун кошумчалады.

Буга чейин Сокулук районунда ИИМ февраль айынын аягында видеокамераларды орноткон. Алар жол эрежесин бузган автоунааларды каттайт. Жол эрежесин бузганы боюнча токтомдун көчүрмөсү айдоочунун үй дарегине келет.

ИИМ акырындык менен "Коопсуз шаар" долбоорун Бишкекке жана анын чет жакасына киргизүүнү пландап жатканын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0