Джип коюп кеткен эне колясканы түртүп ийип балдарын сактап калган. Кан жуткан ата-эне

Жазылуу
Маркумдун энеси Махабат Бараталиева кырсыкка себепкер айдоочу табыларына ишенбей турганын билдирди.

Кызын жоготуп кан жуткан Махабат Бараталиева эгер кызы жолго өзү чыга калып кокустук болсо эч кимге арызданбай Кудайдын иши деп тим болмок экенин айтат. 

"Бирок кызымды кыздарын кармап жолдун четинде турган жеринен коюп кетип жатпайбы. Үч айлык кызы реанимацияда. Балдарын биз канчалык бөпөлөп бакканыбыз менен өз энесине баары бир жетпейт да", — деп ыйлайт маркумдун энеси. 

Анын айтымына караганда Жанара Бараталиева колясканы жолдун жээгине убагында түртө салып балдарын сактап калган. Эгер жетишпей калганда балдары өзү менен кошо кетмек. 

Ал эми Бараталиеванын атасы Батырбек Бараталиев айдоочуну камакка алуунун кереги жок экенин айтат.

"Мындай мыкаачыларды 20 жылга камап, мамлекеттин акчасына багуунун кандай кажети бар? Элге эле салып берип коюш керек", — деди атасы. 

Эске салсак, Бишкек шаарынын Түштүк батыш көрүстөнүнүн жанынан коляска сүйрөп бараткан келинди эки ымыркайы менен автоунаа сүзүп, айдоочусу качып кеткен. Ал эми Бишкек ШИИБдин Кайгуул милициясы аялды тебелеп кетти делген айдоочунун сүрөтүн жайылтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0