"Тынчтык миссиясы — 2016": танкалар жана антитеррордук машыгуулар

Жазылуу
"Тынчтык миссиясы — 2016" аталышындагы террорчулукка каршы машыгуулардын ачылышы бейшемби күнү Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарында өттү. Жоокелер аскердик окууларын 21-сентябрга чейин улантат.

"Эдельвейс" полигонунда башталган иш-чарага Кыргызстан, Казакстан, Кытай, Россия жана Тажикстандан эки миңдей аскери жана 300 техникасы тартылган. 

Иш-чаранын алкагында беш өлкөнүн аскерлери террорчулук менен күрөшүү жолдорун үйрөнүп, тажрыйба алмашып жатышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0