Тажик президенти Эмомали Рахмон боорсоктун даамына тамшанды

Жазылуу
Коңшу өлкөнүн жетекчиси Бишкектеги Эл аралык "Манас" аэропортуна келип конду.

Рахмонду КР өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.

КМШ өлкө башчылары үчүн тигилген боз үй. Ала-Арча резиденциясынан алынган кадрлар - Sputnik Кыргызстан
КМШ өлкө башчылары үчүн "тигилген боз үй". "Ала-Арча" резиденциясынан алынган кадрлар
Тажик президенти КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин мааракелик жыйынына катышат.

Белгилей кетсек, буга чейин Белоруссия президенти Александр Лукашенко, казак президенти Нурсултан Назарбаев, Молдованын премьер-министри Павел Филип, Азербайжандын президенти Илхам Алиев келишкен.

16-сентябрда Бишкек шаарында КМШ лидерлеринин саммити өтөт. Бул иш-чарага 

Армения, Азербайжан, Белоруссия, Казакстан, Россия жана Тажикстандын өлкө башчылары келерин КР ТИМи тастыктаган. Түркмөнстандын атынан өкмөт башчынын орун басары келмей болду. Ал эми Молдованын премьер-министри жана Украинанын элчиси келсе, Өзбекстандын атынан өлкөнүн тышкы иштер министри катышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0