Бишкекке келген Александр Лукашенко менен Сооронбай Жээнбеков кучакташып көрүштү

Жазылуу
Лукашенко эртең, 16-сентябрда өтө турган КМШ лидерлеринин саммитине катышат.

КМШ өлкө башчылары үчүн тигилген боз үй. Ала-Арча резиденциясынан алынган кадрлар - Sputnik Кыргызстан
КМШ өлкө башчылары үчүн "тигилген боз үй". "Ала-Арча" резиденциясынан алынган кадрлар
Бишкек шаарындагы "Манас" эл аралык аэропортуна конгон Белоруссия президенти Александр Лукашенкону өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков боорсок менен тосуп алып, "Кыргызстанга кош келиңиз", — деди. Ал эми Лукашенко өз кезегинде боорсоктон ооз тийип, ыраазычылыгын билдирди.

Белгилей кетсек, Лукашенко Бишкек шаарында өтө турган КМШ лидерлеринин самитине катышуу үчүн келди. Аталган саммит 16-сентябрь күнү өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0