Бишкекте куруучунун 6-кабаттан кулап кетишинин чоо-жайы

Жазылуу
Буга чейин Бишкектеги курулуп жаткан имараттын 6-кабатынан кондиционер орнотуп жаткан куруучунун кулап кеткени айтылган.

Борбор калаанын Жумабек жана Осмонкулов көчөлөрүнүн кесилишиндеги курулушта иштеп жаткан 31 жаштагы киши кулап кеткен

Куруучулардын айтымында, жабыркаган жаран тажрыйбалуу адис болуп, альпинизм менен алектенчү.

"Бийиктикте 10 жылдан бери иштеп келет. Бирок бу жолу эч кандай шаймандары жок эле чыккан. Жалкоолонуп койгон сыяктуу. Денеси менен тепкичтин тосмосуна кулап түштү. Башы жерге тийген жок. Буту-колу, кабыргалары сынды окшойт", — деди куруучу Айбек Алибаев.

Ал жабырлануучу жыгылгандан кийин эсин жоготпогонун кошумчалады. Тез жардам аны Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборуна алып кетишкен. Дарыгерлер куруучунун абалы тууралуу маалымат берүүдөн баш тартышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0