Бир кылымдык мектеп. Сузакта окуу жайдын имаратын эл өзү оңдоп жатат

Жазылуу
ӨКМ менен Экотехинспекция 1908-жылы курулган мектептин имараты жараксыз деп корутунду чыгарган.

Жалал-Абаддагы Сузак районунун Кокон айылында 1908-жылы курулган мектепти өз каражаттарына оңдоп жатышканын жергиликтүү тургун Алтынай Үмөталиева билдирди.

Мектепке бараткан окуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Курулушу бүтпөгөн мектептер, 8 чакырым жолду басып окуган окуучулар
Мектепти 2011-жылы Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, 2013-жылы Экологиялык техникалык инспекциясы жараксыз деп корутунду чыгарып берген. Бирок жергиликтүү тургундар райондук Билим берүү башкармалыгы мектепти жаап, окуучулар коңшу айылга барып окусун деген чечимине нааразы болуп, 100 миң сом чогултуп, имаратты оңдоого киришкен.

Үмөталиеванын айтымында, райондук билим берүү башкармалыгы имарат жараксыз дегени менен анын жарака кетип же бузулган жери жок.

Мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы Айнура Багышова мектепте 400дөн ашуун окуучу билим алып, 27 мугалим сабак берерин айтат. 

Айыл өкмөт башчысынын орун басары Казыбек Калдыбаев райондук билим берүү башкармалыгы мектепти оңдоого каражат бөлбөгөнүн, ата-энелер жана мугалимдер каражат топтоп сырдоо иштерин жыйынтыктаганын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0