1500 аскер Кыргызстандын гимнин ырдашты. Майрамдык парадга болгон даярдык

Жазылуу
31-август күнү Кыргызстан эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгын белгилейт. СССРдин таркашы менен 1991-жылы ушул күнү Кыргыз Республикасы эгемендик алган.

Көз карандысыздыктын 25 жылдыгы быйыл өзгөчө өтөөрүн өкмөт бир канча ирет билдирген. Майрамдын көркүн 1500ден ашуун жөө жоокер, атайын аскер техникалары жана авиация катышкан парад ачат.

Аталган парадга аскерлер бардык күчүн жумшап даярданышууда.

Майрам бир гана парад менен чектелбестен шоу программадагы концерт, улуттук оюндар, ар кыл конкурстар менен коштолот. Ал эми майрамдын кызыгына "Ак-Кула" ат майданындагы көк бөрү батырары бышык.

Бишкекте өтө турган кызыктуу иш-чаралардын программасы менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин инфографикасынан таанышыңыз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0