Курулган жолдун сапатына жини келген Жээнбеков, көз жоосун алган Кырчын

Жазылуу
Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Көл өрөөнүнөн жасаган иш сапары учурунда Балыкчы шаарынын борбордук көчөсүнүн жасалып жаткан жолунун сапатына нааразы болуп, кемчиликтерди жоюну тапшырды. Андан ары II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында спорттук ат оюндары жана майрамдык иш чаралар өтүүчү Кырчын жайлоосуна барды.

Премьер, ат майданы. Кызыл отургучтарды кырып жууган кыз-келиндер - Sputnik Кыргызстан
Премьер, ат майданы. Кызыл отургучтарды кырып жууган кыз-келиндер
Балыкчы шаарындагы Жусуп Абдрахманов атындагы борбордук көчөнүн курулуш иши менен таанышып, жол четине тосмолордун сапатсыз коюлганын көрсөттү. Тиешелүү тараптарга кемчиликтерди тез арада жоюну, аткарылган жумуштун сапатына өзгөчө көңүл бурууну эскертти.

Жээнбеков II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында спорттук ат оюндары жана майрамдык иш чаралар өтүүчү Кырчын жайлоосунда болду. Тиешелүү тараптарга II Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна карата бардык даярдыктарды белгиленген мөөнөттө бүткөрүүнү тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0