Күбө: Бишкектеги каналдын жээгинде бактарды бульдозер менен түрттүрүп жатышат

Жазылуу
Бактар Бишкектин Жылуулук электр станциясынын жанындагы каналды бойлой өскөн. Окурман беш метрлик дарактар кантип сууга кулап жаткандыгын тартып алган.

Жылуулук электр станциясынын жанындагы суунун боюндагы дарактарды түрттүрүп жатышат деп билдирди окурман WhatsApp аркылуу.

"Ишемби күнү уктап жаткандарды бактардын кулаган үнү менен металлдын кычыраган добушу ойготту. Каналга беш метрлик бийик, жапжашыл болгон дарактардын кулап жатканын көрүүгө болот эле",— деп жазган окуяга күбө болгон адам. 

Окурман бир нече бактын бульдозер менен түрттүрүлгөндүгүн тартып алган, бул иштер азыр деле уланып жаткандыгын билдирген.

Эгер кандайдыр бир өзгөчө окуяга же жаңылыкка күбө болсоңуз WhatsApp-каналга +996 706 566 544 номери боюнча кабарласаңыз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0