"Кант" авиабазасынын учкучу асман мейкиндигинин сыры менен бөлүштү

Жазылуу
Абада адам өмүрүнө коркунуч жараткан ыкмалар тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Жамааттык коопсуздук уюмунун "Кант" авиабазасындагы учкучу айтып берди.

Канттагы россиялык авиабазанын аскердик учкучу Алексей Остапов 2010-жылдан бери Кыргызстандын аймагында кызмат өтөп келет. Көпчүлүк аскерлердей эле армияга 18 жашында келген.

"Бул куракта бардыгыбыз романтик келебиз да. Ушул сезим мени аскердик кызматты өтөөгө түрткү берсе керек. Башка кесипти тандаганымды элестетким дагы келбейт", — дейт учкуч.

Жоокер абада жалпысынан 800 саат учкан. Бул 34 суткага барабар. Мындай сандар жума сайын өсүп турат. Тагыраагы жумасына үч жолу абага учуп, анда 40 мүнөттөн бир жарым саатка чейин кармалышат. Мындай көнүгүүлөр аскерлердин тажрыйбасын арттыруу үчүн жасалат.

"Биздин негизги иш — ар дайым даяр болуу. Ошондуктан машыгып турабыз. Окутууга багытталган абага учууларга дагы атайын даярдык көрөбүз. Себеби базанын айланасында турак үйлөр бар. Бул жоопкерчиликти күчөтөт", — деп белгиледи Остапов. 

ЖККУнун тыңчылары "Ислам мамлекетинин" башчыларын "жок кылышты"
Машыгуу учурунда сөзсүз түрдө өмүргө кооптуу болгон бир нече ыкмаларды аткарабыз. Учактын учуусун атайын топ көзөмөлдөп турат. Координатор аба каттамдын тактыгын, инженер техниканы, дарыгерлер тобу учкучтун ден соолугун, метеорологдор болсо аба ырайынын өзгөрүшүн байкап турушат.

"Аскерлердин жашоосу ушундай — тапшырма келсе аны аткаруу керек. Ошол үчүн 24 саат бою даяр турабыз", — деп билдирди Остапов.

Базадагы иш күн саат 18:00гө чейин созулат, бирок айрым учурларда 22:00гө чейин узарып кетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0