Риодон видеосалам. Иззат Артыков менен машыктыруучунун ыраазычылыгы

Жазылуу
Кыргызстандык оор атлетчи Иззат Артыков Риодогу жайкы Олимпиадада жалпысынан 339 килограммды көтөрүп, коло медаль алды.

Кыргызстанга биринчи медаль алып келген Артыков ага колдоо көрсөткөндөргө ыраазычылык билдирип, кыргызстандыктардын сүрөөнү ага дем-күч бергенин айтты.

"Бул медалды кыргыз элиме арнайм. Агайларыма чоң рахмат, ошолордун эмгегинин арты менен ийгиликке жетиштим. Түнү бою уктабай бизди сүрөөнгө алгандардын бардыгына рахмат", — деди балбан.

Ал эми машыктыруучу Үсөнкан Майназаров бул коло медалдын артынан башка спортчуларга да эшик ачылганын айтып, алтын, күмүш медалдарды алып келсин деген тилеги менен бөлүштү.

Иззат Артыковдун жеңишке жеткен ирмемдерин Sputnik Кыргызстан агенттигинин сүрөт түрмөгүнөн караңыз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0