Ажайып Кыргызстан: ыйык Сулайман-Тоо

Жазылуу
Үч миң жыл болгон Ош шаарынын чок ортосунда жайгашкан бул тоо мусулмандар үчүн ыйык болуп саналат.

Ош шаарынын ортосундагы Сулайман-Тоо деңиз деңгээлинен 1175 бийиктикте жайгашкан. Анын узундугу — 1140, туурасы — 560 метр.

Сулайман-Тоо — өзгөчө тоо. Адаттан тыш жай экенин анын аскаларында сакталып калган петроглифтер айгинелеп турат.

Ажайып Кыргызстан: Өзгөн мунарасы - Sputnik Кыргызстан
Ажайып Кыргызстан: Өзгөн мунарасы
Айрым уламыштарга ылайык, бул тоого Сулайман пайгамбар да келип кеткен. XVI кылымга чейин тоо Бара-Кух деп аталган. Кийин аны Сулаймандын тактысы деп дагы аташкан.

Тоонун чокусунда "Сулаймандын тактысы" мечити бар. Ал Бабур баатырдын маалында курулган.

Сулайман-Тоонун ичинде жети үңкүр бар. Алардын бирөөндө Оштун тарыхый-маданий музейи орун алган.

Тоонун түбүндө дагы байыркы архитектуралык эстеликтер — мечит жана мавзолейлер жайгашкан.

Сулайман-Тоо 2009-жылы 29-июнда ЮНЕСКО Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген.

Кыргызстандын кайсыл жерине барып, кантип эс алыш керектигин Sputnik агенттигинин материалынан окуп, көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0