Оюнчуктардан робот жасаган мектеп окуучусу Тунук Омушев

Жазылуу
Жаш ойлоп табуучу Тунук Омушев акыр-чикир тазалоочу унаа жана жасалма колдорду кураганга жетишкен.

Тунук Омушев бала кезден эле ойлоп табуучулукка кызыгып келгенин айтат.

"Мен кичине кезимден эле оюнчук машиналарды бузуп, алар кандайча иштей турганын билгим келчү. Кийин эс тарткан соң алгач макеттерди андан соң ар кыл буюмдарды жасай баштадым", — дейт Омушев.

Өспүрүм тарабынан жасалган темир кол, датчиктин берген буйругу менен иштейт. Ал 3 килограммдык салмакты көтөрө алат. Мындан сырткары Тунук акыр-чикир тазалоочу унаа жана өзү уча турган тик учак жасаган.

Жаш ойлоп табуучу мектепти аяктаары менен сөзсүз түрдө билимин жогорулатаарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0