Кыйкырык жана дүрбөлөңгө түшкөн эл. Ниццадагы терактыдан качкандардын видеосу

Жазылуу
Франциянын Ницца шаарында фейерверк көргөнү чогулган топту жүк ташуучу унаа аралап кетип, элди тебелетип, андан 80ден ашык чукул киши каза тапкан.

RTBF телерадиокомпаниясы 120га жакыны жарадар болгондугун кабарлаган. Ал эми Ички иштер министрлиги 19 адамдын абалы азыр оор экендигин айтты.

Тела погибших и пострадавшие в результате теракта в Ницце - Sputnik Кыргызстан
Ницца шаарында теракт болуп, 80ге чукул адам каза тапты
Франциянын Ницца шаарындагы трагедияда КР жарандарынын бар-жогу такталууда.

Эл аталган аймакка Бастилиянын алынышына карата майрамга чогулган.

Окуя 14-июлда түндө болгон. Франциялык басылмалардын жазганына караганда, автоунаа эки чакырымга чейин токтобой, полиция айдоочуну атып өлтүргүчө чогулган элди тебелетип жүрүп отурган. Күбөлөрдүн айтымында, ал унааны түз эмес, ары-бери жакка буруп, көбүрөөк курмандык жараткандай маанайда айдаган.

Ницца шаарында болгон терактынын кесепеттерин Sputnik Кыргызстан агенттигинин сүрөт баянынан караңыздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0