Атамбаев күч органдарынын жумушу келечекте кандай болушу керектигин айтты

Жазылуу
Коргоо кеңешинин кезектеги жыйыны өтүп, анда Укук коргоо органдарынын системасын реформалоо жана азыркы шартта миграциялык процесстерди жөнгө салуу маселелери каралган.

Өлкө башчысы Коргоо кеңишинде каралган бул маселелер тарыхый окуя экенин айтып, эл анын маанилүүлүгүн эртеден-кечтир түшүнөрүн айтты. 

"Күч органдарында ушул реформаны өткөрүү менен биз экономикага чоң түрткү беребиз. Мындан ары күч органдары ишкерлерди аңдыбай калат. Бул укуктун баарын Финансы полициясына беребиз", — деди Атамбаев.

Укук коргоо органдарынын системасын реформалоо аракеттеринин алкагында ИИМдин, Башкы прокуратуранын аткарган милдеттери өзгөрөт. Ошондой эле күч органдарындагы тең салмактуулук пайда болот. 

Жаңылыктар түрмөгү
0