Бишкектеги өчпөс отто миңдеген шам жагылды — асмандан тартылган тасма

Жазылуу
Борбор калаада 21-июндан 22-июнга караган түнү Жеңиш аянтында "Эскерүү шамдары" акциясы өтүп, аны Facebook социалдык тармагындагы "Ветераны 365" тобу уюштурду.

Ленинград блокадасында курман болгондорго арналган айкел. Архив - Sputnik Кыргызстан
Питерде Токтогон Алтыбасарованын ысымын түбөлүккө калтыруу сунушталды
Улуу Ата Мекендик согуштун башталган күнүнө карата болгон акция Жеңиш аянтында саат 22:00дө башталган. Ага 250дөй киши катышып, 1418 шам жагылган.

22-июнда фашисттик Германия Советтер Союзуна кол салып Улуу Ата Мекендик согуш башталган. Ал 1 418 күн уланып, 1945-жылдын 9-майында аяктаган. Расмий маалыматтарга ылайык, бул согушта совет эли 20 миллион кишисин жоготкон.

Кыргызстанда Улуу Ата мекендик согуштун канча ардагери калганын Sputnik Кыргызстандын инфорафикасынан окуй аласыздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0