Сарпашев жарандын улуту жаңы паспорттун кайсы жерине жазыларын айтып берди

Жазылуу
Жаңы паспорттун сапаты тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Тайырбек Сарпашев айтып берди.

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына жаңы паспорттун (ID-карта) артыкчылыктары тууралуу айтып берди. 

"Жарандын улуту көрсөтүлгөн тилке алынбайт. Болгону электрондук чипке которулат. Мындан тышкары, чиптин ичинде жарандын үй-бүлөлүк абалы менен жашаган жери тууралуу маалыматтар камтылган болот", — деп билдирди Сарпашев. 

Мындай маалыматтардын чипте сакталышы абдан ыңгайлуу экенин Сарпашев баса белгилеп өттү.

"Эгер адам башка жакка көчүп кетсе паспортун алмаштырууга эч кандай кажет жок. Болгону чиптеги маалыматка өзгөртүү киргизилет", — деп кошумчалады ведомствонун жетекчиси. 

Анын айтымына караганда "улуту" делген тилкеге жарандын улуту анын макулдугу менен жазылат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0